Мектептерде кандай форма кийилет жана базар баасы кандай

Билим берүү министрлиги быйылкы окуу жылы үчүн ар бир мектеп жана ата — энелери менен биргеликте мектеп формасын өздөрү тандап кийишет дейт. Мектептерди жана ата — энелерди кыйнабоо, бирок мектептерде стандарт болгон үстү ак асты кара кийилиш керек экенин эскертет

Ал эми Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда аралбаев атындагы орто мектеби болсо 2015 — 2016 — окуу жылынан бери бирдиктүү формага өтүп, башталгыч класстар кызыл костюм, боз шым кийишет.

Ал эми жогорку класстын эркек балдары көк,кара, боз костюм шымдар, кыздар болсо көк,кара, боз юбкалар ды кийишет. Мындай өңдөрдү тандаганыбыздын себеби: ата — энелерди кыйнобоо болуп саналат. Окуу жылынын башында формага баанын өсүп кетиши да себеп болуп жатат дейт окуу тарбия иштеринин директору: Чынара Балтабаева

Мектеп формасынын баалары «НурАй» чакан ишканасынын быйылкы окуу жылына карата берилген баалары көрсөтүлдү
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева

Жумушсуз келиндер тигүүчүлүк сертификат алышты

Ат-Башы районунун Казыбек айылы жана Жаңы-Күч айылдарындагы мамлекет тарабынан жөлөк пул алган келиндер бир айылдык окууну окуп,эл аралык сертификаттарга ээ болушту.Бул кыска мөөнөттөгү окуу Казыбек айылында өткөн.

Маалымат катары айта кетсек, бул сертификат менен чет өлкөгө барып, тигүү ишканаларында иштөөгө мүмкүнчүлүк болот.

Бул иш-чара айылдын жеке ишкери Ырысбек Шермамбетовдун чакан цехинде өткөрүлдү,мындан ары дагы сертификат алган келиндер ушул эле цехте иштээри маалым болду.

Казыбек айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча адиси, буларга токтолуп өттү:

«БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Ат-Башы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен айыл өкмөттөрү кыска мөөнөттөгү тигүүчүлүк окуу курсун уюштурган. Курс 21 күн мурун башталып, ага Казыбек жана Жаңы-Күч айылдарындагы жөлөк пул алган жумушсуз келиндер тартылган. Алар окууларын аякташты.

Мындан сырткары окууну аяктаган эжелер 3 кап ун, 15 литрден тамак-аш майын алышат. Ошондой эле 400 сом өлчөмүндө стипендия каралган. Окуу Казыбек айылынын тургуну Ырысбек Шермамбетовдун тигүү цехинде өттү. Аларды Нарында окутууну өнүктүрүү борбору аркылуу биздин эле айылдагы тигүү цехинде иштеп жүргөн, 17 жылдык тажрыйбасы бар Замира Мусаева окутту», — Эрмек Бактыгулов.

Учурда окууну аяктаган аялдарды жумуш менен камсыз кылуу аракеттери көрүлүүдө.

«Бул берилген сертификаттар эл аралык даражадагы документ. Чет өлкөгө чыгып, ушул сертификат менен тигүүчүлүк боюнча жумушка кыйынчылыксыз кирүүгө мүмкүнчүлүгү чоң. Ар бир райондогу эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмдөрү чет мамлекеттерге жумуш квоталары ачылган маалда ушул сертификатты алгандарды сунуш кылып жөнөтүшөт. Мүмкүнчүлүгү барлар барып иштесе болот», — деди Бактыгулов.

Автор: Дилде Шатанова

Быйыл чөп 200 сомго чейин кымбаттады

Ат-Башы районунун Казыбек айылында быйыл 2018-жылга салыштырмалуу тоют чөп кескин кымбаттап жатат. Бул себеп быйыл суунун тартыштыгынан болгон.

Маалым болгондой, айылда тоют чөптүн түшүмдүүлүгү начар болуп, бир боо чөп 170 сомдон 200 сомго чейин сатылып жатат.

Бул тууралуу кененирээк Казыбек айылынын тургуну Жумабек Токтакунов өз маегинде кененирээк айтты:

«20 гектар жер иштетем. Анын ичинде ижарага алган жерлерим да бар. Жылына 5 гектар жерге арпа айдайм. Үч жылдан бери эспарцет, беде өстүрөм. Мурункудай табигый чөптөр жылдан жылга чакпай баратат.

10 гектар жерди чаптырдым. Мурунку жылдары ушул эле жерден 2500 боо чөп алсам, быйыл 1500 боо чөп алдык. Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл чөптүн чыгышы да начар. Табигый чөптөр андан да начар болуп жатат. Элдин кээ биринде чыкса, кээ биринде такыр эле чыкпай калган. Айылдагы элден деле угуп жатабыз, быйыл тоют начар болуп калыптыр. Анткени убагында суу тартыш болуп калган. Эл ошондон абдан кыйналды. Жаз айларында бул айылдын башында жаңы канал салынып, оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ошондо бир аз убакыт суу кеч берилген. Чоң каналдын бери жагында Кошой деген арыгыбыз бар. Ал арыктан келген суу менен сугарымыш болдук. Ал эми Шырыкты, Таш-Рабаттан суу келбей токтоп калгандыктан суу тартыш болуп, чөп начар чыгып, чыкканы күйүп да калды. Баары суунун тартыштыгынан болду.

Эми чөп бышып калган учурда суу толуп батпай калыптыр. Бул жерден алган чөптүн малдан ашканын сатчумун. Былтыр 1 миң боо чөп саткам. Былтыр чөптүн баасы 150 сомдон сатылган. Ал эми быйыл 180-200 сомго чейин сатылып жатат. Талаада чөп начар чыккан учурда дароо эле кымбаттап калат. Бизде баарыбыз эле мал-жандык багуу менен эле алектенебиз. Малдарга чөп керек. Чөп кымбаттады деп малды таштап салууга да болбойт», — дейт айылы тургуну.

Автор:Дилде Шатанова

Өлгөн аары кайсы ооруга даба? Балчы Саамыйбек Султановдун жообу

Ат-Башынын ак балы сапаты жана өзгөчө даамы менен белгилүү. Үстүбүздөгү жылы Лондондогу тамак-аш көргөзмөсүндө Ат-Башынын ак балы мыкты деп табылган.


Ат-Башы районунун Биринчи май айылынын 31 жаштагы тургуну Саамыйбек Султанов аары челек менен гана иштеп, үй-бүлөсүн багып келет. Ал балчылардын негизги көйгөйү — сатып өткөрүү экенин айтты.

Булар жаш баладан жаман

— Аары челек менен иштегениме 10 жылдан ашты. Башында кыйынчылыктар болду. Үйрөнүү, ишти алып кетүү оор экен. Сезон жакшы болсо 6-7 тоннага чейин бал алам.

Азыр бизде сатуу жагы кыйын болуп жатат. Сатылып жатат, бирок ортомчулар аркылуу арзан өтүүдө. Кеткен чыгымды эсептегенде 400-500 миңдин тегерегинде киреше түшөт. Чыгым билинбегени менен көп кетет. Мисалы, көчкөнгө, аарынын ар кандай дары-дармегине, жылы бою челектерди алмаштырууга сарпталат.

Мен 70 челек менен иштейм. Жайда тарткан балыбыз өтпөй, кышка чейин туруп калууда. Кээ бир балчылардыкы жазга чейин турат. 170 сомдон 210 сомго чейин сатып жүрүшөт.

Февралдан баштап августка чейин аары менен иштейбиз. Булар жаш баладан жаман. Убагында тамагын, дарысын берип карап туруу керек. Аарынын ичи өтөт, айтор кооптуу оорулары көп.

Кытайга ортомчулар аркылуу сатылууда

— Балчылар өткөрүү жагынан кыйналып жатабыз. Мен өзүм тарткан балымдын 4 тоннасын Нарындагы таттуу чыгарган кондитердик цехке өткөрөм. Калганы Кытайга ортомчулар аркылуу 200 сомдун тегерегинде кетет. «Нарын уюк» деген балчылардын уюму бар. Уюм балды сыртка чыгарууга аракет кылып жатат. Ат-Башынын ак балы деп кызыгып, бөлөк жактан көп сурап жатканын угуудабыз. Бирок бизге түз чалбайт экен. Алар деле болбой эле ортомчулар аркылуу алып жатат.

Өлгөн аары да дары болот

— Жаңы үйрөнүп жатканда бир байке мага «бал челекти өмүр бою үйрөнөсүң» деген. Ичимден мени шылдыңдап жатабы дедим эле. Бирок чын эле ошондой экен. Кудайга шүгүр үйрөндүм, бирок аябай жакшы билүү кыйын экен. Бал челек менен иштөө кызыктуу, дайыма жаратылышта жүрөсүң. Аары челектен чыккандардын баары ден соолукка пайдалуу. Мисалы, өлгөн аарыдан бери дары. Өлгөн аарыны аракка чылап, ашказан жарасына, суук тийгенде, муун ооруларына пайдаланышат.

Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жумагул Тентимишов: «Балчылардын бирикмеси менен жылда чогулуш өтүп турат. Эгерде чет өлкөгө сатуу мүмкүнчүлүгү болуп калса баасы 500 сомго чейин барат. Райондук масштабда келишим түзө албайт экенбиз. Бирок биз сунуштарды бергенбиз», — деп кошумчалады.

Автор:Дилде Шатанова
«Мыкты макала сынагы үчүн»

Сайдан кол кармашып суу ташыган балдар же макамы жок айылдагы көйгөй

Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кирпич-Завод аймагында көп жылдан бери суу маселеси чечилбей келет. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы быйылкы жылдын жаз айында аталган аймакка «таза суу чыгарып беребиз» деп сөз беришкени менен ал убада аткарылган эмес.

Кирпич-Завод аймагынын тургуну Камчыбек Кыдыралиев жергиликтүү бийликтин элге берген убадасын аткарбаганына нааразы.

«3-4 жылдан бери суу маселеси боюнча кайрылып эле жатабыз. Президентке чейин кат жаздык. «Чыгарып берет» деген жооп келген. Ат-Башы районунун акиминин орун басары дагы былтыр келген. «Жаз келсе суу чыгарып беребиз» деген. Эл тажап бүттү. Айылдын жанында аккан кир суудан алып пайдаланабыз. Суу төмөн жайгашкандыктан балдар бири-бирин кармашып алып суу алышат. Кемпирлер маасы-көлөчүн чечип алып ташышат. Азап эле болду. Бир нерсе десек эле макамы жок айыл дешет. Кайда барарыбызды деле билбей калдык», — деди айыл тургуну.

Бекжан Кубатов аталган айылдын тургуну. Ал бөбөктөрү менен күн сайын сайга суу алууга келет. Суу тайыз болгондуктан кулап кетүүдөн сактанып, кол кармашып суу алышат.

«Сууга түшүп кетебизби деп коркобуз. Ошондуктан суу аларда кол кармашып алабыз. Ата-апаларыбыз жумушка кеткенде айла жоктон келебиз».

Ушул эле айылдын 62 жаштагы тургуну Сабира Айтбаева кир суунун айынан айылда көп адам ооруп жатканын белгиледи.

«1975-жылы ушул жерге көчүп келдим. Андан бери эле сайдан суу ташып ичебиз. Кышкысын кичине тунуп калат. Жайкысын ылай суу ичебиз. Бул суу 1 күндө араң тунат. Балдар ушул суудан ичип жатып эле ичи өтөт. Чоңдор өткөн жылы акча которулду, жаздан баштап сууга киришебиз деген. Убада беришкен, бирок ишке ашкан жок. Таза суу чыгарып беришсе жакшы болот эле».

Ат-Башы районунун акиминин орун басары аталган айылда быйыл суу чыгарын айтты.

«Жакында эле айыл өкмөт менен сүйлөштүк. 400 миң сом которулду, тендер өтүп жатат. Ал бүтсө эле суу чыгаруу иши башталат», — дейт Жумагул Тентимишов.

Автор:Дилде Шатанова
«Мыкты макала сынагы үчүн»

Нарындагы базар баасы

даярдаган: Айзат Түмөнбаева

Куланактагы кампа

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 1 гектар жери асфальттанган кырман бар. Кырмандын ичинде үрөөндүк жана азыктык кампа жайгашкан. Алардын узуну: 30 м, туурасы:25 м.

Даярдаган: Айзат Түмөнбаева

Нарындагы эстеликтерди кандай деңгээлде билесиз

даярдаган: Айзат Түмөнбаева

Тамара Жумакаева атындагы маданият үйүнүн абалы

Тамара Жумакаева атындагы Куланак айылдык маданиятүйү1970 – жылы курулган. Учурда 3кызматкер эмгектенет. Кызматкерлердин жардамы менен ар жылы ичи — тышы колдон келишинче шыбалып ремонттолуп турат. Баардык абалы
каралып чыккандан кийин капиталдык ремонтко жатпагандыгы тастыкталып, ӨКМ лигинин жараксыз деген чечими 2018 –жылы
чыгарылган


Даярдаган: Айзат Түмөнбаева

Жергиликтүү бюджеттин ачык айкындуулугу

даярдаган: Айзат Түмөнбаева