Ооруну толугу менен жеңе элекпиз,сак бололу!

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 13 адамдан табылды. Алардын бирөө медицина кызматкери. Бишкек шаарында 8, Нарында 5 учур катталды. Анын ичинде Нарын шаарынан 2, Ат-Башы районунан 3 учур. Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны өлкөдө 843кө жетти. Анын 217си медицина кызматкерлери. Өпкө илдетинен жалпы 600 адам айыкса, тилекке каршы 11 бейтап көз жумду.

Нарын облусунда коронавируска чалдыккандардын саны 103тү түздү. Алардын 78и сакайып ооруканадан чыкты. 25 адам дарыланууда. Райондор боюнча алсак, Ат-Башыда 61 адам, Жумгалда 10, Нарын шаарынан 6, Кочкордон 1 адам айыгып чыкты. Учурда Ат-Башыда 10, Жумгалда 4, Нарын шаарында 9 киши изоляцияда. 3 адам үйүндө изоляцияга алынган. Обсервацияда жалпы 153, үй шартында карантинде медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө 528 адам бар. Ал эми контакт болгон адамдардын саны 1680.

Өкүнүчтүүсү, оору жуктургандардын арасында медицина кызматкерлеринин саны көбөйүп жаткандыгы болууда. Нарында оору жуктурган 103 жарандын 27си медицина кызматкерлери. Тактап айтканда 7 дарыгер, 15 медайым жана 5 санитардык кызматкерлер жуктуруп алышты.

Бул сандар коронавирус илдетин толук жеңе элек экендигибизден кабар берет. Тилекке каршы, оору жуктуруп алгандар дагы деле табылып, аларды дарылоо иштери жүрүп жатат.

Азыркы учурда Президентибиздин Жарлыгына ылайык, Ат-Башы районунда “өзгөчө абал”, калган бардык райондордо жана Нарын шаарында “өзгөчө кырдаал” тартиби улантылууда.

Элибиз бир айдан ашык убакыттан бери тартипке баш ийип чыдап берди. Бул үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Тартиптин негизинде оору жуктурган адамдарды аныктап, алардын башкаларга жайылтуу коркунучун азайта алдык. Бактыга жараша бир топ бейтаптар оорунун жеңил формасы менен жабыркап, сакайып чыгышты.

Бирок биз ооруну толугу менен жеңе элекпиз. Тобокелдик абдан жогору. Себеби күн сайын жаңы учурлар катталып жатат. Ошондуктан элибизден суранаарыбыз дагы бир аз чыдап, коомдук жайларга барбай, бири-бирибиз менен карым-катыш жасабай, жашап турган аймагыбыздан сырткары чыкпай, санитардык-гигиеналык эрежелерди туура сактайлы!!! Оору менен ойнобойлу!!!

Социалдык тармактарда ар кандай туура эмес маалыматтар тарап, “оору жок экен”, “бул жөн эле саясат экен” деген өңдүү акылга сыйбаган сөздөр жүрүп, элдин аң-сезимине туура эмес таасир этип жатканы өкүнүчтүү. Эгер оору жок болсо дүйнө жүзүндө миңдеген адамдар эмнеге каза болуп атат? Бизде эле каза болгондордун саны 11ге жетти. Илдет жок болсо ушунча мамлекеттик кызматтар эмнеге күн-түн иштеп жатышат? Мына ушуларды сергек ойлонуп, өзүбүздүн жана жакындарыбыздын ден соолугун, өмүрүн сактап калалы! Бул тууралуу Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Куланак жамааттык мультимедиа борбору

Ат-Башы районунда өзгөчө абал узартылды

Бүгүн, 1-майда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Ат-Башы районунда болду.

Иш сапары учурунда облус башчысы жазгы талаа иштеринен кабар алды.

Ошондой эле посттордун абалын көрүп, нөөмөттө туруп жаткан кызматкерлердин тамак-ашы үчүн өкүлчүлүктүн резервдик фондунан 20 миң сом берди.

Мындан кийин штабдын жыйынын өткөрүп, штабдын мүчөлөрүнө коронавирус илдети менен күрөшүү аракеттерин күчөтүү, Ат-Башыда өзгөчө абалы режими 11-майга чейин узартылгандыктан блок-посттордо тартипти бекемдөө боюнча тапшырмаларды берди,бул тууралуу Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Автор:Дилде Шатанова

Жаздын келиши коруктун башталышы

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө коруктун башталыш жана бүтүү мөөнөтү боюнча айыл өкмөтү тааныштырды. Быйылкы жылы эрте башталганына эмне себеп

Негизи эле айдоо аянтчаларынан түшүм алуу максатта корук жаз алды менен эле башталат. Карантин учуру болгондуктан корук жана көчүп конуу маселелери кандай чечилип жатат деген суроого кийинки видеодон тааныша аласыздар

Даярдаган: Айзат Түмөнбаева

Куланак:Жазгы айдап себүү иштери

Нарын районуна караштуу Куланак айылы жазгы айдап себүү иштерине даярдыктары кандай. Жылдагы жылдарга салыштырмалуу буудай аянтын көбөйтүү каралып жатат

Быйылкы жылы айдап себүү үчүн күйүүчү майдын (диз топлива) баасы 38 сомдон, буудайдын баасы 1 кг — 25 сомдон жана картошка базар баасында айылга тартылып келди. Ушул маалыматтар боюнча убактылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Тилебек Жумабаев тааныштырат

даярдаган: Айзат Түмөнбаева

Подкаст:Сүт, эт багытындагы уй багуу пайдалуу

Учурда мал багууда дагы санга эмес, сапатка карап фермерлер мал өндүрүшө баштады. Буга себеп учурдун талабы деп эсептеген жеке ишкер Адыл Кыдыралиев бүгүнкү күндөгү ийгилиги менен ой бөлүшөт

«Байбол» подкастынын автору Айзат Түмөнбаева «Сорос Кыргызстан» Фонду тарабынан уюшутурулган «Подкаст даярдоо» темасындагы тренинге катышып, колдоо алган. Кыргызча бул подкасттарды Google жана Apple Podcast аттуу тиркемелерден таап укканга да болот.

Подкаст: Бул тармакты байкап көрүүнү туура көрдүм

Куланак айылынын тургуну, ишкердикти дыйканчылыктан баштаган Шайлообек байке учурда бал аарысын багат. Аны кантип кароо жана кантип киреше табуу жолдору менен бөлүшөт

«Байбол» подкастынын автору Айзат Түмөнбаева «Сорос Кыргызстан» Фонду тарабынан уюшутурулган «Подкаст даярдоо» темасындагы тренинге катышып, колдоо алган. Кыргызча бул подкасттарды Google жана Apple Podcast аттуу тиркемелерден таап укканга да болот

Подкаст: Каныкей торту

«Байбол» подкастынын үчүнчү чыгарылышы. Куланак өрөөнүн таттуу кондитердик азык менен камсыз кылып келген Каныкей айым бүгүнкү күндө эргүүдө. Буга себеп жаш баласы жана учурдагы карантин абалы.

«Каныкей» торту деп Учкун, Куланак эли өздөрү ат коюп алган. Ал эми ишкер айым жасаган азыктарына аталыш бере элек эле. Эми аты бар.

«Байбол» подкастынын автору Айзат Түмөнбаева «Сорос Кыргызстан» Фонду тарабынан уюшутурулган «Подкаст даярдоо» темасындагы тренинге катышып, колдоо алган. Кыргызча бул подкасттарды Google жана Apple Podcast аттуу тиркемелерден таап укканга да болот.

Подкаст: Теплица иштетүү

«Байбол» подкастынын биринчи чыгарылышы.
Нарын облусунун шартында эки түшүм жыйноонун сырлары менен багбан айым Гульнур Солтобаева бөлүшөт

«Байбол» подкастынын автору Айзат Түмөнбаева «Сорос Кыргызстан» Фонду тарабынан уюшутурулган «Подкаст даярдоо» темасындагы тренинге катышып, колдоо алган. Кыргызча бул подкасттарды Google жана Apple Podcast аттуу тиркемелерден таап укканга да болот.

Учурдагы кырдаал окутууну үзгүлтүккө учуратпашы керек

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев мектеби дагы аралыктан окутууну улантып жатат. Окуу башталаардын алдында Нарын РБББ башчысы- Болот Белеков жана мектеп директору Чынар Абдыкадырова ата — энелерге, жана окуучуларга кайрылуу жасады

Урматтуу ата-энелер!

      Азыркы кырдаал өзүңүздөр билгендей балдарыбызды окутууну башка нукка буруп,аралыктан окутууга  алып келди. Окутуунун мындай ыкмасы сиздерге да көп түйшүк жаратып жатканы айкын

    Бирок, ата-энелер — сиздер жана биз — билим берүү тармагы мугалимдерибиз менен бирдикте, бири-бирибизге жардамдаш болуп иш алып барсак, окутуубуз өз максатына жетет деген терең ишенич бар.                    Балдар менен достук мамиледе сырдашып, чогуу сабак даярдап, үзгүлтүккө учуратпай билим алуусуна көмөктөш болуңуздар деп өтүнөм.              Бул күндөр да өтөт! Балдарыбыз кайрадан өз мектебинен окуп, мектептер кайрадан шаңга бөлөнчү мезгил алыс эмес!

 Бул кыйын абалдан чогуу чыгып кетсек, жасаган эмгегибиз сөзсүз өз жемишин берет деп айта алам.

     Үйүңүздөрдө балдардын күлкүсү ар дайым шаңдуу чыгып, ден соолукта болуңуздар!

         Урматым менен:

Нарын РБББ башчысы- Б.Белеков

Арыбаңыздар, урматтуу ата-энелер!!!

Бүгүнкү кырдаалга байланыштуу окуучуларыбыз менен үйдө болуп онлайн режиминде билим алууга туура келип калганы баарыбызга маалым болду.Ар бир класс жетекчилер сиздер менен байланышып, билим берүүдөгү бардык маалыматтарды сиздерге жеткиришти деп ишенем.Бүгүнкү күнү биз, мугалимдер сиздердин жардамыңыздарга өтө муктажбыз.Сиздерден сураныч, балдардын билим алуусуна жоопкерчилик менен мамиле кылып, балдар үчүн телевизордон берилген сабактарды өз убагы менен көрүүгө бардык шарттарды түзүп,өз убагы менен көрүүсун көзөмөлдөп берсеңиздер.Андан соң биздин агай-эжелер өтүлгөн сабактар боюнча кайрадан кайтарым байланышта болуп, түшүнбөгөн суроолоруна жооп берип, тапшырмаларды берип жана алардын аткарылышын көзөмөлдөп турабыз.Бул процесс оңой көрүнгөнү менен дагы көптөгөн көйгөйлөрдү жаратарын баарыбыз эле сезип турабыз,ошого карабастан бүгүнкү күндө биздин агай-эжелер жаңы технологиялар менен сабак өтүүгө даяр деп сиздерди сыймыктануу менен ишендирип кете алам.Балдарыбыздын жаркын келечеги жана элибиздин бакубат жашоосу үчүн биримдикте, ынтымакта тартип жана жоопкерчилик менен бул кырдаалдан да чыгабыз.Билим очогу болгон алтын уя мектебибизде кайрадан, жакынкы күндөрү коңгуроо кагылып, агай-эжелердин, окуучуларыбыздын күлкү-шаңына толуп, мектеп жашоосу уланат.Сүйүктүү окуучуларыбыздын бардык жетишкендиктерин, ийгиликтерин биздин ардактуу ата-энелер, сиздер менен биргеликте сыймыктанып бөлүшчү күндөрүбүз алдыда.
Сиздерди терең урматтоо менен Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин директору Чынара Өмүровна.

Ушундай кырдаалда алыста жашаган балдарына ата — энелер өздөрүнүн кайрылуусун билдирип жатат. Ошолордун бири менен бөлүшүүнү туура көрдүм

      WhatsApp Ptt 2020-04-16 at 11.42.22

Даярдаган: Айзат Түмөнбаева

Ат-Башыда дыйкандарга үрөн жеткирүү иши жүрүүдө. Алардын баалары кандай?

Нарын облусунундагы Ат-Башы районунун бардык айылдарында дыйкандарга үрөндөрүн жеткирип берүү иштери жүрүүдө.

Кечээ 31-марттан баштап, Ат-Башы районунда жазгы талаа иштерине даярдыктар кызуу жүрүп, райондун акимдеринин демилгеси менен үйрөөндөр атайын Бишкек шаарынан айыл жергесине чейин жеткирилип берилүүдө.
Үрөндүн баалары:
Арпа 1- кг 18 сом.
Эспарцет 1- кг 75 сом.
Сулуу 1- кг 25 сом.
Горох 1 кг 40 сом

Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Максат Кадыркуловдун билдиргенине караганда дыйкандар буга чейин райондун борборундагы базардан келип алып кетишчү.



«Учурдагы кырдаалды эске алып, дыйкан, фермерлерибиз менен даректүү иштеп бир жерге топтобой аларга шарт түзүп, жардам берүү аракетин көрүп жатабыз. Жаздын бир күнү бир жылга тете дегендей айыл өкмөттөр, дыйкандар менен сүйлөшүп буйрутмаларды чогултуп баштаганбыз. Кайсы айыл өкмөткө канча көөлөмдөгү арпа, сулуу, буудай керектигин тактатканбыз. Бишкек шаарындагы үрөн чарбалары менен иштегендер менен кеңешип, ортодон эч кандай акча кошпой, районубуздагы бардык айылдарыбызда арзан баада алып келип берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Дыйкандарыбыз буга чейин үрөндөрдү Ат-Башынын борборундагы чоң базардан сатып алып турган болсо, бүгүнкү күндөгү кырдаалга байланыштуу айыл өкмөттөрүн кайрылууга туура келүүдө. Бааларын дагы биз баарына жарыялаганбыз. Бүгүнкү күнү үрөндөр айылдарга жеткирип баштады»- дейт акимдин орун басары Максат Кадыркулов.
Автор: Дилде Шатанова