Нарындын шартында эт жей бербей, жашылча жер жемиштерди жесе болот

image

Нарындын шартында теплица иштетсе болоорун Куланак айылынын тургуну фермер Шайлообек Исаев төмөндөгучө баяндап берди.

image

«Былтыр 2012-жылы «Агахан» фонду Евросоюздун жардамы менен проекттинин негизинде теплица курдук. Эки жүз миң сомдун акчасы болот экен. Ошонун элүү миң сому өздүк салым болду», — дейт Исаев.

image

«Май айында курулуп бүтүп, август айында бадыраң, помидор айдаганбыз. Октябрь айында даяр болуп калды. Октябрь, ноябрь, декабрь, январдын онуна чейин  түшүм берип жатты», — деп фермер улады.

image

«Теплицанын жакшы жери сыртта 20 градус суук болуп турганда ичи 25-30 градус жылуу болуп турат экен. Күн теплицасы да, ичи болсо тамчылатып сугаруу менен сугарылат. Январь, февраль эки ай токтоп турат, жерди эс алдырып, кайра мартта айдайбыз. Ташка  күн тиет да жылуулукту сактап  турат», — деди Исаев.

image

Уруктар менен кандай иштерин да айтып берди.
«Бул атайын тепличный уруктар экен. Биринчилери проект менен берилген, андан кийинкилерин өзүбүз алып жатабыз. Буга болсо химия колдонбойбуз, ичине болсо, бүт өзүбүздүн кара топурак менен толтурулган, асты сексен см казылып, ошонун кырк сантиметр топурак», — деди фермер.

image

«Анан азыркысын эми айдап койдук. Октябрдын башында түшүм бере баштайт. Урукту айдаганыма үч күн болбу. Үч айга чейин түшүм берет. Отуз эки квадрат метр жерден 350-400 килграмм түшүм берет», — деди Исаев.

image

«Күндөлүккө жазып  турабыз. Календарь  менен иштейбиз. Теплицаныкы эки эсе ылдам болот экен, бу күнү түнү өсөт экен. Биздики кымбатка  туруп калды, эл арзан  салса болгудай, жергиликтүү карагай, шырык, рейка менен», — деген оюун билдирди.

image

«Эми муну чоңойтсокпу деген ой бар. Ар бир үйгө салынса жакшы болгудай», — деп Исаев көптөгөн фермерлерди кызыктырып жатат.

image

«Эми сырткы ачык талаага караганда мунун акчасы да кымбат болуп жатпайбы. Мунун 1 килограммы 200 сомго кетип жатат, октябрь,  ноябрь айларында. Анан ачык  талаада айдайбыз, көп алабыз, бирок баасы 10-20 сомдон болуп калат. 15-20 кг тигинин  бир килограмм болуп жатпайбы?», — дейт.

image

«Ачык талаада 20 жылдан бери иштеп келе жатабыз.»Эр эмгегин жер жебейт» дейт, ошо талаа менен балдарыбыз окуп, иштеп, жашоо шартыбызга пайдалснып жатабыз. Жер багып жатат мындайча айтканда», — деди фермер.

image

Эксперимент катары жүзүм айдаганында көрсөттү. Шайлообек Исаев кызыктар болуп келгендерге да өз кызматын көрсөтүп тураарын баяндап берди.

Авторлор: Айзат Түмөнбаева, Жазгул Кадыралиева.

Боз үй — көчүп конууга ыңгайлуу кыргыздын улуттук буюму

Кыргыз эли эзелтен көчүп-конуп, жашоосун өз шартына ылайыктап, үйлөрүн дагы жүктөп, бүктөп алып көчүп келишкен.

image

Ошондой улуттук боз үйдүн жасалышы боюнча айылдын ардактуу атуулу, Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны Макый ата өз оюн айтып өттү.

image

Боз үйдү жасаш үчүн  жыгачтын ар кандай түрлөрүн пайдаланса болот.
«Бирдей жыгач эмес, ар кандай болот, талдан жасаса болот, жеңил. Кайыңдан жасалган боз үй салмактуу, оор, шамалга туруктуу. Талдан жасалган боз үйдү малга, өгүзгө жүктөп алып көчүп кетсе болот.  А тиги чоң үйлөрдү машинеге салып же төөгө жүктөп көчүшчү», — деп Макый ата баяндады.
image

Боз үйдүн жыгачтарына керектүү жиптер да негизги орунду ээлейт.

«Керегени бекитүү үчүн төөнүн  терисинен,өгүздүн терисинен  көк(жип) керек. Бир кереге төрт жеринен көктөлөт.

 Боз үйдү жасаш үчүн  көз менен көрүш керек», — деп улантты.

image

Ал эми боз үйдүн ички жасалгасы да көптөгөн түйшүктү талап кылат. Бул боюнча азыркы учурда ардактуу эс алуудагы апабыз Бакбүбү Ибраимова токтолуп өттү.

image

«Боз үй жасоону пенсияга чыккандан кийин, үйдө бош отурбастан жасай баштадым. Жыгачтарын  абышка жасап кеткен», — деди Ибраимова.

image

«Кийиз жасап, үзүгүн, туурдугун, жабык башын, ички үзүгүн, боосун жасадык. Теричисин Майрам деген келиним согуп бүттү. Баары колдуку, жүндөн жасалды, дүкөндүкү эмес», — деп Ибраимова улантты.

image

«Балдарым, келиндерим да жасашты. Бакыт өзү сүрөткө шыктуу, оюуларын чийип, сүрөт тартып берет, өзүм кесем», — дейт.

image

«Көздүн карегиндей сактабаса болбойт, боекко күбө деген, чычкан деген өч болот. Дары да сеппейм, сасып калат деп. Мешокторго салып сактайм», — деди Ибраимова.

image

«Бала-бакырам кармап калсын, балдарым көрсүн убайын. Мен эмне тыякка ала кетмек белем», — деп күлүп маегин аяктады.

image

Авторлор:  Анара Нусупова, Жазгүл Кадыралиева,
Бекболот  Рахатбек  уулу.

Айымдардан түзүлгөн уюм айылдагы жакырчылыкты жоюууга салым кошууда

Куланак айылында эки жылдан бери элди жакырчылыктан чыгаруу боюнча айымдардан түзүлгөн уюм иштеп, аз да болсо салымдарын кошууда. Жасаган буюмдары менен ар кандай көрсөтмө, ярмаркаларга катышып жаткандыктарын белгилеп өттүштү.

image

«Байэл» тобунун учурдагы  жетекчиси Шайыр  Жунушбаева өздөрүнүн ишиндеги жетишкендиктерин баяндап берди.
«Эң биринчи жашылча -жемиш өстүрүү боюнча аялдарды жумуш менен камсыз кылып, бир жылдан соң жүндү кайра иштетүү боюнча иштей баштадык», — дейт Жунушбаева.

image

«Нарын жери суук болгондуктан, жүндөн жасалган тапичкелерди, чыптамаларды кийүү пайдалуу ,зыяны жок», — деп кошумчалады.

image

Топтун алдыда жасай турган иштери жөнүндө Замира Абдрасулова  маек куруп берди.

image

«Айылда он эле аял иштебестен, дагы кеңири  группа ачып,  кеңири жайылтуу керек», — деген оюн билдирди.
image

«Таджикстанга барып келдик.

Ар кандай шарф, тапичке, чыптама, сумкаларды, сувенирлерди жүндөн, кийизден жасайбыз», — дейт Абдрасулова.
image

«Жасаган буюмдарыбыздын ден-соолукка пайдасы бар. Мисалы, тапичкелерибиз буттагы радикулит,  муун ооруларына, а моюндагы шарф хондроз ооруларына пайдасы бар.

Ушу силердин интервьюңардан пайдаланып,  CDA уюмуна, CACSSA уюмуна, ООН Женщина уюмуна ыраазычылыгымды билдирем», —  деп  кошумчалады.

image

Автор: Анара  Нусупова.

Класстардын кыскарышы окуучулардын психологиясына таасир тийгизүүдө

  Билим берүү министирлиги тарабынан класстардын кыскарышы боюнча чыккан  указдын негизинде Абдылда Аралбаев мектебинде да  класстар кыскартылган.
image

Окуу завучу Майрам Токсобаева, окуучуларга жүктөм көп болгондуктан, балдардын кабыл алуусуна да терс таасир бере тургандыгы жөнүндө баяндап берди.
image

«Батыш өлкөлөрүндө окуучунун бир жылдык сабак жүктөмү 600-800 саат, Россияда 800 саат, ал эми Кыргызстанда 1100 саат.  Ошонун негизинде класстар кыскарып жатат», — дейт Токсобаева.

Класстардын кыскарышы окуучулар арасында дагы терс таасир калтыра тургандыгы, мугалимдердин саатынын кыскарышына алып келет.
image

Башталгыч класс мугалими Рима Базарбаева «Класстын жабылышынын себеби: айлыкты үнөмдөө үчүн деп ойлойм. Мезгилдин талабына ылайык бир класста 30-40 окуучу окуш деле көптүк кылат», — деп оюн бөлүштү.

Өздөрү окуган класстардын жабылып калышы, окуучуларга да кыйынчылыктарды туудургандыгы жөнүндө
8-класстын окуучусу Айдана Орозалиева токтолуп өттү.

«Кыйынчылык болду, эми өзүмдүн классыман айрылган үчүн. Башка класска которулганда, классташтарымда да кыйынчылыктар болду», — дейт Айдана.

Авторлору: Жазгүл Кадыралиева, Анара Нусупова, Марина Асыкулова

Айылда таза суу бир айдан бери туруктуу берилбей жатат

image

Суунун туруктуу берилбегендигинен айыл тургундары тоодогу булактардан алууга аргасыз. Суунун токтотулушун айыл өкмөтү ремонт иштери менен түшүндүрдү.

Айыл тургуну Салый апа суу көптөгөн күндөр бою токтогондо айла жок, эртең менен эрте туруп арыктардан суу алабыз, дейт.

image

9-классынын окууусу Байдылда Нурбек уулунун айтымында тоого барып суу алып келүүгө аргасыз.

«Суу жок болгондуктан. Эшектер менен тоодогу булактардан суу алып келиш керек болот», —  дейт Байдылда.

image

Суу жөнүндөгү көйгөйлөргө  айыл тургуну Жазгүл Кадыралиева да кошулду.

«Сууну эскертпей туруп өчүрүп салышат, анан биз кыйналып тоого барып алып келип жатабыз», — деди Кадыралиева.

image

Айыл өкмөтү суунун убактылуу токтотушун суу түтүктөрүнүн алмаштырылып жаткандыгы менен түшүндүрдү.

«Водопроводду оңдоого 150 миңден ашык сом кетти. Ошонун 57миң сому запчастка,
калганы майга [казуу иштери] кетти», — дейт айыл өкмөтү.

image

«Сууларды токтотконубуздун себеби, трубаларды оңдоп бүтсөк ар бир үйгө суу чыгаруу», — деп айыл өкмөтү кошумчалады.

Авторлор: Бекболот Рахатбек уулу, Эркинай Нарынбекова, Зулайка Мирлан кызы

«Башка жерде султан болгончо, өз жериңде ултан бол»

image

Талантбек Иманов алты ай Якутиядагы Саха Республикасында курулушта иштеп келди. Башка мамлекеттен тапкан акчаны өз өлкөңдө тапсаң болот, деген пикири менен бөлүштү.

Бизге берген маегинде алыскы чет мамлекетте кантип иштегени жөнүндө айтып берди.

image

«Ал жакка мен август айында кеткем да, биякта жайда, жеңил кийинип алып барганбыз.Аэропорттон түшкөндө, жаан аралаш кар жаап, бурганактап турду, климаты аябай эле татаал экен».

image

«Бизге жатаканасы бар,ысык тамагы үч маал, только иштеш керек, өз жумушуңду билишиң керек».

image

«Мен барып келгенден кийин түшүндүм. Өз жер ушунчалык өзүбүзгө ыйык болоорун билдим. «Бирөөнүн жеринде султан болгончо, өз жериңде ултан бол» деген сөз бар го ошол кыргызда туура эле айтылган макал экен».

image

«Келинчегиме башында айтсам макул болбой койгон. […] үй бүлөмө айтпай контракты түзүп алгам да», — деп Иманов баяндап берди.

Таланттын жубайы Перизат Сыдыкова жолдошунун кетишине каршы болгонун айтып, ал жоктогу кыйын күндөрдү айтып берди.

«Эми аяктан тапчу акчаны бияктан деле тапса болмок да,ошон үчүн каршы болдум.Башка бөтөн жерге барып иштегенче, өз жериңде иштеген жакшы да», — дейт Перизат.

«Көп таппаса дагы үйдө өзүбүздүн ырыскыбыз менен жашаган жакшы да. Кудайдын берген ырыскысы менен жашап турсак, акча- акча деп кетсе ден соолугунун баары кетип жатпайбы», — деп жубайы сөзүн улады.

image

«Ошо жакта иштеп тапкан акчаны бизде эле иштеп таап жашаса болот да, ал үчүн иштеш керек. Эки жакка барып,жер көргөнү барышсын, жер көрүп келсе болот,мындай турист катары»,- деп  Иманов маегин аяктады.

Авторлор: Өмүрбек Дайырбеков,Мээрим Алмазбек кызы,Айзат Түмөнбаева.

Эки жылдан бери Дубайда

Чачыкей Жусупова эки жылдан бери Дубайдагы отелдердин биринде иштеп келет. Айлык акысынын бир бөлүгүн үзгүлтүксүз ата-энесине, Куланак айылына жиберип турат.

Чачыкейдин апасы Жайнагүл Малаялиева бизге берген маегинде кызынын алыскы өлкөдө иштегендиги үй-бүлөсүнө кандай таасир тийгизгендигин баяндап берди.

image

«Кыргыз— Түрк Манас университетине өткөн,туризм жагына. Анан окууну бүткөндө резюме таштап Араб өлкөсүнө өтүп, иштеп кетти».

image

«Кыйынчылыктарын айтты, баары бир Кыргызстан өзүнүн өлкөсү, Араб башка өлкө. Аябай сагынып жүрүптүр. Сагынып,кеткиси келип, көнгөндөн кийин көнүп кетти окшойт».

image

«Кызыма ишенем да,чет жакка [турмушка] чыкпайт деп ойлойм. Ал жакта көпчүлүгү кыргыздар деле болот экен.Балким, кыргыздар менен иштеп жатып, турмуш курса каршы эмеспиз».

image

«Сагынабыз. Ушу заманга жараша телефон болуп жакшы эле болуп калды. Ошентсе деле ичим уйгу-туйгу болуп, сүйлөшүп жаткан кезде толкунданам. Отпускага келишет, жылына бир келет, буюрса күзүндө келет, күтүп жатабыз».

image

«Азыр балдар ата-энени багып калды. Биз балдарды окуттук, үзүрүн көрүп жатабыз».

image

«Алардан сурасам аябай тартип күчтүү [Дубайда], өлкөнүн ысыктыгы эле болбосо, айлыктары жакшы».

Авторлору: Анара Нусупова, Марина Асыкулова, Уулкелди Бейшенбекова.

Муниципиалдык мекемелер «Мыкты айыл өкмөтү» конкурсуна даярданып ремонт жасашууда

imageЖергиликтүү муниципиалдык мекемелер «Мыкты айыл өкмөтү» конкурсуна даярданып, ремонт иштерин жүргүзүүдө. Бюджеттен курулуш материалдары үчүн 100 миң сомдон ашуун каражат бөлүндү.Айылдык оорукананын улуу эмчи айымы Замира Калыгулова, конкурска карата кошумча орундар, эмеректер менен жаңылангандыгын кабарлады.image«Больница боюнча ремонт жасап жатабыз […] Эшиктин алдын гүлдөтүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүп жатабыз», — деди Замира Калыгулова.Байланыш бөлүм башчысы Нуржан Жолдошова да жогоруда айтылган сөздөргө кошулуп, оңдоп—түздөө иштери пландаштырылганын айтты.image Мүдүнов айылды иретке келтирүү үчүн 100 миң сомдон ашуун каражат кетээрин белгиледи.»Өткөн жылкы калган акчадан (бюджет) пайдаланып баштадык  Акиташ алабыз,карагай тилдиребиз, көчөлөрдү иреттейбиз», — деди Мүдүнов.image«Конкурстун 20дан ашуун критерийи бар — жайыт, түшүм жыйноо, сугат маселеси ж.б», — деп айыл өкмөтү кошумчалады.image«Биринчи очередь көчөнүн баарын иретке келтирип, бүт койкойтуп, штакеттерди түздөп,кемтик жерлерин оңдойбуз».imageАйыл өкмөтү конкурстун башкы байгеси авто унаа болгондугун кабарлады.»Аны жалгыз эле өкмөт мине бербейт. Бир күнү балдарыңды салып алып барам да», — деди айыл башчы.imageМаданият үйүнүн жетекчиси Алмаз Асанбаев конкурска карата имараттын ичи үстүртөн ремонттолуп, жаңы дарбаза орнотулуп жатканын кабарлады.»Одиссей алат дейт, бирок аны эми өкмөт минет да», — деп Асанбаев күлүп кошумчалады.Авторлору: Анара Нусупова, Уулкелди Бейшенбекова, Марина Асыкулова.

Күйүүчү майдын кымбат баасынан жергиликтүү эл кол менен чоп чабууда

image

Каражаттын жоктугунан күйүүчү май ала албай айыл тургундары азыркыга чейин чөбүн чаба элек.Айыл башчысы бензин баасы Нарынга салыштырмалуу арзаныраак экенин айтты.

image

Куланак айылынын тургуну Жангарач Таштанбеков күйүүчү майдын элет жерине жеткиче эле баасы көтөрүлүп кеткендигин айтты.

image

«Жылда айыл өкмөттөн арзан баада алчу элек,быйыл күйүүчү  май келген жок.[…]элдер жеке заправкалардан алып кыйналып жатат», — дейт Таштанбеков.

image

Айыл тургуну Таалайкүл Абдысаматова айлык акысы убагында берилбей,күйүүчү май алууга мүмкүнчүлүк жок болгондугун кабарлады.

«Майдын жоктугунан чөбүбүз чабылбай жатат», — деп кошумчалады.

image

Ал эми айылдык май куйуучу станциянын оператору Жүмакалый Самүдүн кызы атайын салык  төлөгөндүктөн күйүүчү майды карызга бере албастыгын айтты.

image

Куланак айылынын башчысы Жумадил Мүдүнов айылда бензиндин баасы Нарынга салыштырмалуу арзан болгондугун баса белгиледи.

«Күйүүчү май туурасында маселе жок. Айылда  өзүбүздүн заправка турат. Учкун айылынан бир жигит бар, ошол камсыз кылат, Нарындын баасынан 1сомго арзан», — деп айыл өкмөтү кабарлап өттү.

Авторлор: Жазгүл Кадыралиева, Газель Русланова, Элжанат Оболбек уулу.

Куланак: китептердин жетишсиздигине окуучулар үй тапшырмаларын окуй албай жатышат.

imageКуланак орто  мектебинде окуучулар китеп менен толук камсыздандырылган эмес. Мектептин жетекчилиги муну каражаттын жетишсиздиги менен түшүндүрдү.Китепканачы Асылкүл Абдраимова жаңы окуу жылга китептердин келгенине карабастан, мектеп 75% гана камсыздандырылгандыгын айтты.                                  image«Жогоку класстарга жетишпеген […] китептери келди. Өзгөчө башталгыч үчүнчү класстарга   […] таптакыр жок, […] китептер жок.Кыргыз тили мугалими Анара Нусуповаокуучулардын китеби жетишпегендиктен тапшырманы толук аткарбай келээрин кошумчалады.image «Мен жогорку класска сабак бергендиктен, 8-класс адабияты жокко эсе, 9-класс кыргыз тил китеби жетишпейт».Окуучулардын айтымында алар китептерди аймакташып алып окушат. Бирок бул дагы жетишээрлик эмес.image«Ыңгайсыздык кээде жаралат.Мисалы, биз үйүнө барганда, чыкпай коюшат. Анан биз ыр жаттабай барабыз. […] Айтабыз,бирок шартыбызды түшүнбөйт».imageМектепдин директору Чынара Абдыкадырова жаңы китептерди алыш үчүн каражат жетишсиздигин айтып өттү.»Мүмкүн мурдагыдай эле аренданы кайра алып келсе, арендадан түшкөн акчага китеп сатып алганга мүмкүнчүлүк болмок», — деген сунушун киргизди.Авторлор: Өмүрбек Дайырбеков, Мээрим Алмазбек кызы, Айзат Түмөнбаева